0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - Кабарлар

    Мектеп формасы - азыркы замандын талабы

    10 09 2015 16:08

    «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын теңтөрагалары Өзгөн шаарынын жана Карасуу районунун эли менен жолугушту. Жолугушууга Өзгөн шаардык стадионуна 10 миң деген адамдар келген. Элдин көптүгүнө карабай, партиянын программасын, лидерлердин сөздөрүн кызыгуу менен угуп жатышты. Аскар Салымбеков партия элдин кызыкчылыгы үчүн гана иштей турганын айтты. «Эки партиянын биригүүсүнүн бирден бир себеби дагы мына ушунда. Биз элге шайлоодо жеңилдик түзүү максатында биригип отурабыз. Партиянын көптүгүнөн элдин башы айланып, кайсы партияга добуш берээрин билбей калды. Ошондуктан артынан жаман сөз ээрчибеген, таза эки партия бириктик. Кыргызстандын тарыхында эң таза шайлоо легендарлуу парламентти шайлоодо болгон. Ал чакырылышка чынчыл, интеллигент депутаттар чогулган. Андан кийинки өткөн бардык шайлоолор бурмалануу жана добуштарды сатып алуу фактысы менен өтүп келет. Эл добушун акчага, арака, бекер тамак - ашка сатканга көнүп калды. Биз ушул көнүмүштү жоюп, мамлекеттин өнүгүшүнө, элдин жашоо шартын жакшыртуу багытында иштейбиз», - деди А. Салымбеков. Андан соң партия лидерлери Кара–Суу районунун эли менен жолугушту.

    Кара-Сууда районунда партиянын программасы менен таанышып, лидерлерге конкреттүү суроолорун берүү үчүн жети миңге чукул эл жыйналып күтүп жатыптыр. Райондун эли таза суу маселесин кабыргасынан койду. Адахан Мадумаров шайлоо ийгиликтүү аяктап, Кудай буюруп, парламентке барып калса бул маселени чечүүгө аракет кылаарын элге убада кылды. Көпчүлүктү мектеп формасы боюнча маселе тынчсыздандырды. Көп балалуу ата – энелер, ар бир формага эки миң сомдон акча төлөгөнгө мүмкүнчүлүгү жоктугун айтышты. Мындан улам форманы таптакыр алып салуу сунушу менен кайрылышты. Бул маселеде элдин суроолоруна жооп берип жатып, Адахан Кимсанбаевич «Мектеп формасынын баасы кымбат болуп жатканы - бул коррупция, муну тез аранын ичинде тактап, жөнгө салыш керек. Формалардын сапаты эки миң сомдук баасына жараша болсо жакшы. Ага жооп бербей турган болсо, бул маселени көзөмөлгө алуу керек. Форма кийүү азыркы замандын талабы. Муну менен мектеп окуучуларынын арасында теңдик пайда болот», - деген оюн айтты.

    Карасуулуктар биометрикалык каттоого ишенбей тургандарын билдиришип, шайлоо таза өтөбү деген суроолорун беришти. Өз сөзүндө Адахан Мадумаров бул суроону ар бир райондун, шаардын, айылдын эли берип жатканын айтып, «Буга мен жүз пайыз жооп бере албайм. Мен деле сиздерге окшоп шайлоо биометрикалык каттоонун негизинде таза өтөт деген маалыматка ишенип жатам. Сиздерге да ушуну каалайт элем», - деди.

    Жакшы каалоо-тилектерин айткан карасуулуктар, «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясына шайлоодо ийгиликтерди каалап, жылуу узатышты.

     

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *