Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Мектеп мугалимдеринин айлык акыларын жогорулатуу тууралуу маселе талкууланды
Бүгүн, 25-февралда Президент Алмазбек Атамбаевге Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева жогорку окуу жайларды оптималдаштыруу жана илим тармагын реформалоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.
Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Президент Алмазбек Атамбаев менен министр Эльвира Сариева ошондой эле ушул жылы пландаштырылып жаткан мектеп мугалимдеринин айлык акыларын жогорулатууну талкуулашты.
Мамлекет башчысы билим берүү тармагын жана илим системасын модернизациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш чаралар өлкөнүн кызыкчылыгына жана мезгил талабына толугу менен жооп берүүгө тийиш экендигин белгиледи.
“Өкмөт Кыргызстанда билим берүүнүн сапатын реалдуу жогорулатуу боюнча иштиктүү кадамдарды жасоого тийиш, жарандарыбыз реформанын жыйынтыктарын иш жүзүндө сезиши керек”, - дейт А. Атамбаев.