Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
“Мен бармын! Мен өз укугумду билем! Жүрөктөн жүрөккө!” аттуу акция өттү
01 10 2014 16:16
Ош шаарында “Мен бармын! Мен өз укугумду билем! Жүрөктөн жүрөккө!” аттуу акция өттү. Мындай маалыматты мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чаранын максаты - майып адамдарды коомго аралаштыруу. Маалыматка ылайык, БУУнун өнүктүрүү программасы каржылык колдоо көрсөттү.
Акцияга үй-интернатынан, реабилитациялык борбордон жана бала бакчалардан 500дөн ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар катышты. Эстрада жылдыздарынын, жаш таланттардын катышуусунда концерттик программа тартууланды. Ошондой эле кызыктуу оюндар болуп, балдарга белектер таркатылды.