Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Муфтий Максатбек ажы Токтомушев кыргыз элин Курман айт майрамы менен куттуктады
25 09 2014 16:08
Муфтий Максатбек ажы Токтомушев кыргыз элин Курман айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдирди. Куттуктоодо:
“Урматтуу мамлекетибиздин жалпы тургундары!
4-октябрда боло турган ыйык Курман айт майрамы менен Кыргызстан мумулмандарынын дин башкармасынын атынан куттуктайбыз.
Мусулмандардын ыйык майрамы болгон касиеттүү күндөрдө элибизде жакшылык, өлкөбүздө тынчтык береке болуусун тилейбиз.
Исламдагы беш парздын бири болгон Ажылык сапарында жүргөндөрдүн ажылыктары кабыл болуп, аман келүүлөрүн тилеп дуба кылабыз.
Курман айтыңыздар маарек болсун!”