Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Муфтияттын расмий сайты хакердик чабуулга кабылды
05 01 2015 12:40
Муфтияттын расмий сайты хакердик чабуулга кабылды. Бул тууралуу TOPNEWS.KG маалымат порталына муфтияттын басма сөз катчысы Асан Саипов билдирди. Анын айтымында, адистер сайтты оңдоо иштерин жүргүзүүдө. “Бул хакердик чабуул Кыргызстандын муфтиятынын саясатына каршы чыккан топтор тарабынан уюштурулушу мүмкүн”, - дейт А. Саипов.
Сайттын башкы бетинде ок атуучу курал кармаган кыздын сүрөтү менен “сирияга эркиндик” “палестинага эркиндик” деген жазуулар жайгаштырылган.