Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Мухаммад пайгамбардын туулган күнүнө карата конференция өттү
09 01 2015 13:43
“Жаш муундарды моралдык-нравалык жактан тарбиялоо, конфликттерди жеңип өтүү жана мусулмандар биримдигин чыңдоо максатында бүгүн конференция өттү”, деп TOPNEWS.KG маалымат порталына И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин илимий иштери боюнча проректор Эмил Каниметов билдирди.
Бүгүн, 9-январда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Ислам биримдиги жана моралдык-нравалык тарбия: Кыргыз Республикасында ислам таануу багытындагы изилдөөлөрдүн келечеги» деген илимий-конференция өтүүдө.
Иш-чара К.Дыйканбаев атындагы Дипломатиялык академиясы жана КРнын Президентине караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын демилгеси менен өттү.
Конференция Мухаммад пайгамбардын туулган күнүнө карата өткөрүлдү.