Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Мыйзамсыз басып алынган жерлерди транформациялап берүү максатында “Транформация” кыймылы түзүлдү
Ѳкмѳттөн, парламенттен мыйзамсыз басып алынган жерлерди транформациялап берүү максатында “Транформация” кыймылы түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта TOPNEWS.KG маалымат порталына түзүлгѳн кыймылдын координатору Бекназар Айталиев билдирди.
Анын айтымында, кыймыл бир нече уюмдар менен биргеликте түзүлдү.
“Максатыбыз трансформацияга зарыгып турган 47000ден ашуун жарандарыбыздын тургузуп жашап жаткан турак-жайларынын документтери ар кандай себептер менен 1983-жылдан бери ушул күнгѳ чейин бүтпѳй жүрѳт. Демек 100000ден ашуун жаран ѳз үйүндѳ «чоочун адамдай» болуп,ѳз мамлекетинде цивилизациядан тыш калып кор болуп жашап жатат деген сѳз. Ошондой эле калкты турак-жай менен камсыздоо жаатында эч кандай мамлекеттик иш-чара жок экен да. Камсыздоо программалары жок туруп, чет элдик жарандарга каалаган жеринен каалашынча үй-жай, кыймылсыз мүлк сатып алууга уруксат берүү кыргыз элинин кас душманы гана кыла турган иш”, -дейт Б. Айталиев.
Мындан тышкары, Бекназар Айталмева коомдук уюмдарды, жеке жарандарды кызматташууга чакырды.