Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Н. Касымбеков: Зордукка кабылган балдардын аты-жөнүн ММКлар ачык чыгарбаш керек
05 06 2015 12:26
“Зордукка кабылган балдардын аты-жөнүн ММКлар ачык чыгарбаш керек”, - деп КСДП фракциясынын жыйынында аталган фракциянын депутаты Нурбек Касымбеков билдирди.
Анын айтымында, ММКлар аты-жөнүн гана эмес дарегин дагы ачык жазып жатышат. Ал эми вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева зордукка кабылган балдардын атын ачык жазуу боюнча атайын мыйзам бар экенин айтты. “Бирок азыркы учурда ММКлардын көпчүлүгү жеке менчик болуп, биз мынтип жаз деп айта албайт экенбиз. Бирок журналисттик эктика деген бар, жок дегенде башка тамгасын эле жазып коюушу керек”, - дейт Д. Ниязалиева.
КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков ММКлар болгон окуяны чагылдырып жаткандары туура, бирок алардын аттарын толук бербеш зарыл экенинин айтты.