Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Н. Нарматова «Жарандардын тукум улоо укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө» мыйзам долбоорунун мазмунун түшүнүүгө чакырды
«Жарандардын тукум улоо укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө» мыйзам долбоорун толугу менен колдойм», - дейт КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина «Парламент» радиосуна берген маегинде.
Ал бул мыйзамды жакшылап окуп чыгуу керек экенин айтты.
Ал эми «Ата-Журт» фракциясынын депутаты жана аталаган мыйзамдын демилгечилерин бири Надира Нарматова мыйзам долбоордун мазмунун түшүнүүгө чакырды. «Биз бул мыйзамды үч жылдан бери талкуу кылып жатабыз. Анан, түштөн кийин активисттер бул мыйзамга каршы чыгып жатышат. Кыргыз элинин менталитети заман, коом өзгөргөндө өзгөрөт да», - дейт Н. Нарматова.
Белгилей кетсек, кечээ, 2-июнда «Кыргыз чоролору» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү Жогорку Кеңеш 21-майда кабыл алган «Жарандардын тукум улоо укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө» мыйзамына каршы экенин айтышып, нааразычылык акция уюштурушкан.
Алар «Улуттун келечегин кыйратууга жол бербейбиз» деген жазууларды көтөрүп алып чыгышкан.