Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Н. Токторбаев: “Төө бурчактын баасынын кескин түшүшүнө мамлекеттик органдардын тиешеси жок”
Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жардамчысы Нуркан Токторбаев TOPNEWS.KG маалымат порталына эртең, 14-январда өтө турган тынчтык митингдин негизги талабы төө бурчактын баасынын кескин түшүшүнө мамлекеттик органдардын тиешеси жок экенин билдирди. Ал эми электр энергиянын баасынын жогорулашы тууралуу кесипкөй болбогондуктан эч кандай комментарий бере албай турганын айтты. “Ушул маселелердин негизинде тынчтык митингинде талкууга алынат. Эми биз элдин оозун жаба албайбыз да”, - дейт Н. Токторбаев.
Эртең, 14-январда Талас шаарында түшкү саат он экиде тынчтык митинг өтөт. Митингдин уюштуруучусу “Талас ынтымагы” кыймылы. Алардын көтөрүп чыга турган маселелери электр энергиянын кымбатташы, энергетика министрлигинин төрт жылдан бери жүргүзүп жаткан экономикалык-саясатына, бийликтин Таластагы алтын кең байлыктарын иштетүүсүнө, төө бурчактын баасынын кескин түшүшүнө баа берүү.