Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Нарында ачкачылык жарыялаган майыптар коомунун жетекчилери ооруканада жатат
08 07 2015 15:05
Нарын шаарынында эки күндөн бери ачкачылык жарыялаган “Үмүт Кутман”, “Насип кайып”, “Өмүр шамы” майыптар коомунун жетекчилери ооруканада жатат. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда TOPNEWS.KG маалымат порталына “Үмүт Кутман” коомунун төрайымы Жаңыл Эшмамбетова билдирди.
Анын айтымында, алар үч күн ачкачылык жарыялап, ден соолуктары начарлап кеткенине байланыштуу тез жардам ооруканага алып кетишкен.
Алар ар жактан бөлүнгөн акчалар тууралуу “Мүмкүнчүлүк” майыптар коомунун жетекчиси Улукбек Мукарадинов отчет беришин талап кылышкан.
“Улукбек Мукарадинов жетекчиликтен кетсин же болбосо аталган коом жабылсын”, -дейт Ж. Эшмамбетова.
Маалымат боюнча ачкачылыкты алты адам жарыялаган. Аларга эч ким көңүл бурган эмес.