Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Нарында электр энергиясынын баасынын кымбатташына каршы нааразычылык акция өтөт
Эртең, 14-январда Нарында электр энергиясынын баасынын жогорулашына каршы нааразычылык акциясы өтөт. Бул тууралуу TOPNEWS.KG маалымат порталына Нарындын тургуну, митингдин уюштуруучусу Бактыгүл Жумабаева билдирди. Анын айтымында, Нарын эли ар кандай тоскоолдуктарга карабастан митингге чыкканга даяр. “Электр энергиясынын бааларын мурдагы калыбында калышын талап кылабыз. Тарифтердин кымбатташы жалгыз менин көйгөйүм эмес, баарыбыздын көйгөйүбүз”, - дейт Б. Жумабаева.
Ал эми кечээ, 12-январда Нарындын тургуну, Апрель революциясынын баатыры Асылкүл Жаманова басма сөз жыйында Бактыгүл Жумабаеваны бирөөдөн акча алып, митинг уюштуруп жатканын айткан. Ошону менен катар эле Нарын элин 14-январда нааразычылык акциясына чыкпоого чакырган.
Буга чейин аталган талап менен 24-декабрда үч жүздөн ашык нарындыктар нааразычылык акциясына чыгышкан. Алар бийликтегилерге 15-январга чейин убакыт беришкен.
Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө Нарынга барган.