Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Нарында электр энергиясынын кымбатташы боюнча жыйын өтүп жатат
14 01 2015 12:07
Бүгүн, 14-январда Нарында абал тынч, М.Рыскулов атындагы музыкалуу драм театрында электр энергиянын кымбатташы боюнча жыйын өтүп жатат. Бул тууралуу TOPNEWS.KG маалымат порталына Нарындын тургуну Асылкүл Жаманова билдирди. Анын айтымында, бүгүн эч кандай митинг болбойт. “Жыйырма адамдан турган жумушчу тобу түзүлгөн ошолор менен Нарын эли азыр пикир алмашып жатат”, - дейт А. Жаманова.
Ал эми Нарындын тургуну, Апрель баатыры Бактыгүл Жумабаева TOPNEWS.KG маалымат порталына митинг өтүп жатканын айтты. Анын айтымына караганда, чогулган эл өкмөттөн электр энергиянын баасын Нарын жергесинде арзандатууну, жеңилдик берүүнү талап кылышууда.