Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Нарында “Үмүт Кутман”, “Насип кайып”, “Өмүр шамы” майыптар коомунун жетекчилери ачкачылык жарыялап жатышат
Нарын шаарынын мэриясынын алдында эки күндөн бери “Үмүт Кутман”, “Насип кайып”, “Өмүр шамы” майыптар коомунун жетекчилери ачкачылык жарыялап жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда TOPNEWS.KG маалымат порталына “Үмүт Кутман” коомунун төрайымы Жаңыл Эшмамбетова билдирди.
Анын айтымында, жергиликтүү бийлик тарабынан майыптарга көңүл бурулбай келет.
“Мүмкүнчүлүк” деп аталган майыптар коомунун жетекчиси Улукбек Мукарадинов ар кайсы жактан майыптарга бөлүнгөн каражатты пайданалып жатат. Ошол жетекчи аталган коомдон четтетилип же коомдун жабылышын талап кылабыз. Өткөндө майыптарга арналган концерт өттү. Ошондо биздин майыптар ырдайбыз десе, ырдатпай киргизбей койгонго аракет кылды. Ар жактан бөлүнгөн акчалар тууралуу Улукбек Мукарадинов отчет берсин”, -дейт Ж. Эшмамбетова.
Мындан тышкары, ал эч ким алардын ачкачылыгына көңүл бурбай жатканын айтты.
“Бир гана Нарын шаарынын мэри келип, биздин акыбалыбызды сурап жатат. Көздөрүбүз караңгылап жатат. Азыр катарыбызда 6 адам, майыптардын көбү кошулабыз деп жатат. Бирок аларды күн ысыкта кыйналып калбасын деп кошпой жатабыз”, -дейт Ж. Эшмамбетова.