Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Нарындагы Чолпон базарынын айланасында чыр-чатактар болуп жатат
04 06 2015 10:26
Нарын облусундагы Чолпон базарынын айланасында чыр-чатактар болуп жатат. Бул тууралуу ЖКнын жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Эркингүл Иманкожоева билдирди.
Анын айтымында, базардын айлана-тегериги таштандыларга толуп кеткен. Эл өкүлү бул боюнча өкмөттүн өкүлдөрүн көңүл бурууга чакырды.
Мындан тышкары, мектеп окуучулары хиджаб эмес, форма кийүү керек экенин айтты. «Биринчи класстын кыздары хиджаб кийип алышат. Бирок алар эмнеге кийип жатканын билбейт деле. Жүдөп хиджаб кийбей эле койсо», -дейт Э. Иманкожоева.
Буга чейин, ушул эле жыйында «Ар-Намыс» фракциясынын депутаты Турсунбай Баки уулу хиджапчандарга асылбагыла деп айткан.