0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - Кабарлар

    Өнүккөн коом гана бакубат мамлекетти түзө алат

    Өнүккөн коом гана бакубат мамлекетти түзө алат
    05 09 2015 14:30

    Бүгүн, 5-сентябрда “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” саясий партиясынын лидерлери Аскар Салымбеков менен Адахан Мадумаров Чүй облусуна караштуу Токмок шаарында эл менен жолугушуу өткөрдү.

    50 миң кишини жумуш менен камсыз кылып келген Аскар Салымбеков жолугушууда «Биз куру убада бербейиз, биздин кандай иштеп жатканыбызга өзүңүздөр күбөсүздөр. Биз жарандардын жашоо шартын жакшыртууга багытталган бир топ иш-чараларды жасап келебиз. Партия тарабынан да мамлекеттеги ар кыл тармакты өнүктүрүүгө багытталган конкреттүү программалар иштелип чыккан. Мисалы, айыл чарбасында кооперативди өнүктүрүү иштерин жүзөгө ашырсак, дыйкандар өндүргөн продукциясын ортомчусуз жогорку баада сата алат. Чет өлкөлүк конокторго сыймыктануу менен Ысык-Көлдү көргөзө алабыз. Аларда Кыргызстанда Ысык-Көлдөн башка мактанчу жери жок экен деген ой калышы мүмкүн. Ошондуктан биз, бир эле көлдү эмес, бардык аймактарды көргөзүүгө жетишишибиз керек», - деди. Ошондой эле, прогрессивдүү түрдө өнүгүүгө убакыт келип жеткенин кошумчалады.

    5 миллион калкы бар Кыргызстан үчүн 120 депутат өтө эле көп экенин айткан Адахан Мадумаров эки партиянын биригүү максаттарына кеңири токтолуп, «Биздин чакан Кыргызстан үчүн 120 депутат , 25 министрлик орун өтө эле көптүк кылат. Биздикине окшогон көп сандаган чиновниктерди башка өнүккөн мамлекеттерден кезиктирбейсиң. Ошол себептен жоопкерчиликти өз моюнуна алып, мамлекетти өнүктүрө ала турган бир лидердин алдында чогулушубуз керек. Кыргызстан жөнүндө сөз болгондо чет өлкөлөрдө бизде болуп өткөн революция, машиналардын күйгөнү, көчөлөрдөгү башаламандыктарды көрсөтүшөт. Бирок, чет элдиктер бул жака өздөрү келгенде касиеттүү жергебизге, элибиздин айкөл, меймандостугуна күбө болуп кетишет. Биздин улут болуп сакталып келатканыбыздын бирден бир себеби мына ушуларда. Мисалы, бир да кыргыз мурда үйүнүн эшигин бекитчү эмес. Жылан кирип кетсе да, ага тескерисинче сүтүн чачып чыгарышчу. Чоң Чүй каналы же жолдор курулуп жатканда кыргыздар унчукпай эле иштешчү, эч ким нааразы болгон эмес. Азыр ар биринде бирден кээ бирлеринде экиден, үчтөн машиналары бар, курсактары ток, бирок эмнегедир көз тойбойт. Биз мындай кырдаалдан чыгышыбыз керек”, – деди саясатчы өз сөзүндө.

    «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партияларынын теңтөрагалары сөздөрүн жыйынтыктап жатып, шайлоодо өз добуштарын мамлекеттин өнүгүшүнө чындап салым кошкон партияга берүүгө чакырышты. Өнүккөн коом гана бакубат мамлекетти түзө алат, ошондуктан ар бирибиз өзүбүздөн башташыбыз керек.

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *