Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Ош базарында иштегендер Ак үйдүн алдына митингге чыгышты
29 06 2015 14:04
Бүгүн, 29-июнда, Ош базарында иштегендер Ак үйдүн алдына митингге чыгышты. Алар көчөдө, базардын тегерек-чекесинде мыйзамсыз азык-түлүктөрдү саткандардын азабынан базарга кишелер кирбей калгандыктан, аларды кетирүү талабы менен келишкен. Митингге болжол менен элүүгө жакын жаран келген.
Митингдин катышуучуларынын айтымында, алар контейнерлерди ижарага алып, соода болбой, акча төлөй албай жатышат. Буга чейин Бишкек шаарынын мэриясына, Ленин райондук акимиатка эки жолудан барып кайрылышкан. Ошондой эле айла жоктон Ак үйдүн алдына чыгууга туура келгенин айтышууда.