Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Ош облусунда талаптарга жооп бербеген ооруканалардын жетекчилерин айыпталды
08 01 2015 10:19
Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев кечээ, 7-январда Оштогу ооруканалардын абалы менен таанышып, санитардык талаптарга жооп бербей турганын белгиледи. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, ооруканаларда бейтаптапды дарылоодо жана кам көрүүдө медициналык эрежелер бузулуп жатканын айтып, жетекчиликтерин айыптады.
Мындан тышкары, министр ооруканалардагы мыйзамсыз иш-аракеттерге жана антисанитарияга жол берген жетекчилер алмаштырыларын да айтты.