Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Ош облусунда жер титирөө болду
22 01 2015 10:04
Ош облусунда 21-январда кечки саат жети жарымда жер титирөө болду. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, Жер титирөөнүн очогу Өзбекстандын аймагында жайгашып, Ак –Таш айылынан 8 км түндүктү, Кара-Суу айылынан 10 км түндүк-батышты, Ош шаарынан 25 км түндүк-чышышты карай жайгашкан.
Жер титирөө Ак-Таш, Кара-Суу, Кызыл-Шарк айылдарында - 3 баллга жакын, Большевик, Кировка айылдарында – 2,5 баллга, Ош шаарында 2 баллга сезилген.
Алдын ала алынган маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.