Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Ош шаардык архитектурасы ижара акысын төлөөгө каражаты жок
17 09 2014 16:08
Ош шаардык кеңешинин сессиясында бүгүн 17-сентябрда шаардык архитектура имарат үчүн ижара акысын төлөөгө каражаты жок экенин, андыктан мекемени ижара акысынан жарым жылга бошотуу маселесин аталган ишкана жетекчилиги көтөрүп чыкты. Бул тууралуу Ош шаардык кеңешинин пресс-кызматынан билдирди.
Маалым болгондой, архитектурадагы мурдагы жетекчиликтин кызматтык кемчиликтеринен улам мекеменин карызы көбөйүп, кызматкерлерге айлык акы берилбей келет. Буга кошумча архитекторлор отурган имаратка муниципалдык менчик башкармалыгынан ижара акысы төлөнбөй турат.
Ош шаардык кеңештин депутаттары тарабынан шаардык архитектураны бул абалга ким алып келгенин депутаттык комиссия текшерүүгө алышы керектигин сунушташты.