Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - ШколаNews - Новости и Мероприятия
Ош шаардык билим берүү башкармалыгы кышка даярдыкты баштады
Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу мектеп жана бала бакчалардын кыш мезгилине даярдыгы атайын адистер тарабынан тыкыр көзөмөлдөнүп, оңдоп-түзөөгө муктаж болгон жылуулук түтүктөрү капиталдык ремонттон өткөрүлүүдө. Бул тууралуу аталган башкармалыктын башчысы Куштарбек Кимсанов билдирип, төмөнкүлөргө токтолду:
«Кышка даярдыкты эрте баштоо аркылуу күтүүсүз жана күтүлгөн көйгөйлөрдү чечүүгө кенен убакыттын болушу ишти илгерилетет. Ош шаардык мэриясы шаардагы тиешелүү мекемелердин жетекчилиги менен биргеликте билим уясы болгон балдар бакчасы менен мектептерге көмөк көрсөтүү ниеттерин билдиришти. Сарпталуучу акча каражаты жергиликтүү бюджеттен толугу менен каржыланып, кышкы суукта окуучулар жана бала бакчалардын тарбиялануучуларына жагымдуу жагдай түзүү аракеттери эртелеп көрүлүп баштады», - деп билдирди.