Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - ШколаNews - Новости и Мероприятия
Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери оорукта кызмат кылган Айша Абасбекованы куттуктады
08 05 2015 12:14
Бүгүн, 8-майда Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде оорукта кызмат кылган ардагер, шаар тургуну Айша Абасбекованын үйүнө барып, Жеңиштин 70 жылдыгы менен куттукташты. Бул тууралуу аталган башкармалыктан билдирилди.
"Биздин жаркын жашоо, бейпил турмушта жашап жатканыбызга кезинде чоң салым кошкон Айша апага ден соолук, узак өмүр каалап, башкармалыктын атынан акчалай жардам жана белек-бечкектер берилди. Ошондой эле Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин “Ыраазычылык каты” жана 9-май күнү борбордук аянтта өтө турган майрамдык салтанатка чакыруу баракчасы тапшырылды", - деп билдирилди.