Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - ШколаNews - Новости и Мероприятия
Ош шаардык мектеп окуучуларынын кезектеги спартакидасынан алдынкы орунду алгандар сыйланды
Бүгүн, 29-апрелде шаардагы №23 Панфилов атындагы мектепте өткөн Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын коллегиясында мектеп окуучуларынын кезектеги 69-спартакиадасында алдыңкы орунду алган окуучулар сыйланып, аталган башкармалыктын дипломдору жана баалуу белектери берилди.
Маалыматка ылайык, спартакиада мектептердин жайгашуу ордуна карап 4 аймакка (Кеңеш, Амир-Темир, Ак-Бууранын оң жак тарбы жана сол тарабы) бөлүнүп өтүп, 5-11-класстын жалпы 3 миң окуучусу катышты.
"Ак-Бууранын оң тарбында жайгашкан мектептердин ичинен №6 Макаренко атындагы мектеп, сол тарабы боюнча №20 мектеп, Кеңеш аймагы боюнча №36 мектеп жана Амир-Темир аймагы боюнча №47 мектептин окуучулары 1-орунду багындырышкан.
Спартакиада 2015-жылдын 10-февралынан 15-апрелге чейин өтүп, катышуучулар спорттун 6 түрү боюнча (шахмат, тогуз коргоол, ордо,валейбол, гимнастика жана жеңил атлетика )күч сынашты.
Мектеп окуучуларынын спартакиадасы жыл сайын өткөрүлүп турат", - деп билдирди.