Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - ШколаNews - Новости и Мероприятия
Ош шаарында бүтүрүүчү класстын 49 окуучусу өзгөчө үлгүдөгү аттестат алууга талапкер
Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу мектептердин бүтүрүүчү класстардан 49 окуучу өзгөчө үлгүдөгү (кызыл) аттестат алууга талапкер болду. Бул жөнүндө башкармалыктан билдирилди.
"Бул үчүн 10-11-класста окуган чейректик, жылдык баалары жалаң 5 болуп, коомдук иштерге жигердүү катышуусу эске алынган.
Бүтүүрүчү класстын окуучулары ушул жылдын май айында КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген 4 предметтен сынак тапшырышат.
Сынактан эң алдыңкы баа алган окуучулар өзгөчө үлгүдөгү аттестат алуу укугуна ээ болушат.
Ал эми 9-класстты бүтүргөндүгү тууралуу күбөлүктүн өзгөчө үлгүдөгүсүн алуу үчүн 70 окуучу талапкер болду", - дейт билим берүү башкармалыгынын пресс-катчысы.
Эске салсак, былтыркы окуу жылында Ош шаарындагы мамлекеттик мектептердеги бүтүрүүчү класстын 10 окуучусу өзгөчө үлгүдөгү атесстат алышкан.