Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - ШколаNews - Новости и Мероприятия
Ош шаарында өткөн “Жаш жол инспектору” сынагында №32 Жолон Мамытов атындагы мектептин окуучулары жеңүүчү болду
Ош шаарында өткөн “Жаш жол инспектору” сынагында №32 Жолон Мамытов атындагы мектептин окуучулары жеңүүчү болду. Бул тууралуу Ош шаарынын билим берүү башкармалыгы билдирди.
Бүгүн. 21-апрелде шаардагы №21 Панфилов атындагы мектепте окуучулар арасында өткөн “Жаш жол инспектору” сынагында №32 Жолон Мамытов атындагы мектептин окуучуларынан түзүлгөн команда жеңүүчү болуп, май айында Бишкек шаарында өтүүчү республикалык баскычына катышууга жолдомо алды.
Ал эми 2-орунду №50 Нышанов, 3-орунду №27 мектептин окуучулары багындырды.
Сынакка шаардагы мектептерден жалпы 11 команда катышып, жолдо жүрүүнүн эрежелерин сахналаштырып көрсөтүп, адистер тарабынан берилген суроолорго жооп берүү менен ат салышты.
Жеңүүчүлөргө Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жол кайгуул бөлүмүнүн кубогу,ардак грамоталары тапшырылды.
Сынактын негизги максаты шаардагы мектептин окуучуларына жолдо жүрүүнүн эрежелерин үйрөтүү жана аны сактоого көндүрүү болуп саналат.