Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Ош шаарында ымыркай сатуу фактысы катталды
02 02 2015 12:50
Ош шаарында жаңы төрөлгөн ымыркайды сатуу фактысы катталды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, Ош шаарынын жашоочусу кызынын дайынсыз жоголгонун айтып милицияга кайрылган. Издөө иштери жүрүп, 17 жаштагы кыз шаардагы төрөт үйүнөн табылган. Кыз бир жигиттен боюнда болуп калып, апасына айтпай, ичин таңып жүргөн. Төрөөргө жакын гинеколог тарабынан башка кыздын паспорту менен ооруканага жаткырылып, уул төрөгөн. Ымыркайды Салия аттуу аял алып кеткен.
Учурда гинеколог аялдын үстүнөн “адам сатуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.