Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - ШколаNews - Новости и Мероприятия
Ош шаарынды «Балдарга мээримибиз – бактылуу келечегибиз» аттуу тарбиялык конференция болду
Ош шаарында 16-17-май балдарга карата зордук-зомбулукту болтурбоо максатында «Балдарга мээримибиз – бактылуу келечегибиз» аттуу Республикалык тарбиялык конференция болуп өттү. Бул тууралуу билим берүү министирлигинен билдирилди.
Конференцияга Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Социалдык өнүгүү министрлиги жана Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү катышып, балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу; зордук-зомбулуктун алдын алууда ата-эненин, коомчулуктун жана социалдык кызматкерлердин ролу тууралуу талкуу жүргүзүштү.
Иш-чара Ош шаарындагы №52 жана №2 орто мектептеринде болуп, ага республиканын баардык аймактарынын орто билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышып, баяндамалар, сунуш докладдар окулду.