Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - ШколаNews - Новости и Мероприятия
Ош шаарынын мектептери арасында спорттук мелдеш болду
Бүгүн, 30-апрелде №30 А. Алиев атындагы мектепте аталган мектептин атын алып жүргөн Афган согушунун баатыры Абдураим Алиевдин жаркын элесине арналып спорттун түрлөрү боюнча мектептер арасында мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгы билдирди.
"Спорттук мелдешке шаардагы №14, 30,31, 34, 35, 45, 48 жана 50 мектептин окуучуларынан түзүлгөн командалар катышып, футбол, валейбол жана шахмат боюнча күч сынашты.
Жеңүүчү командага А. Алиев атындагы өтмө кубок, спорттук кийимдер, топтор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Иш чарага Ош шаарынын вице мэри Ильичбек Эргешов, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери, Афган согушунун баатырлары, мектеп мугалимдери жана окуучулар катышты", - деп билдирилди.
Абдураим Алиевдин жаркын элесине арналган кубок 2008-жылдын 30-майында түзүлүп, жыл сайын мектеп окуучулары арасында спортук мелдештер уюштурулуп турат