Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - ШколаNews - Новости и Мероприятия
Ош шаарынын окуучулары «Манас таануу» теле таймашынын республикалык баскычына катышты
Бишкек шаарында «Манас таануу» интеллектуалдык таймашынын республикалык баскычы болуп, ага Ош шаарынын окуучулары алгач ирет катышты. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкери Т. Досмуратов билдирди.
Маалыматка ылайык, республикалык баскычка Ош шаарынан региондук баскычта алдыңкы орундарды алган 12 мектептин окуучуларынан курлаган 2 топ катышып, анда саламдашуу, үчилтиктен суроолор, сыркуржун, серепчиден бир собол, дагы бир топ тапшырмаларды аткарышты.
Ош шаарынан барган эки топ башка региондорго салыштырмалуу аз убакыт даярданганына карабастан Манасты таанууга болгон дилгирликтеринин мыкты экендигин далилдешти. «Бул теле таймаш аркылуу окуучулар кыргыз элинин нукура каада салтын, көөнөрбөс улуттук баалуулуктарын биле алышат», - дейт Т. Досмуратов.