Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - ШколаNews - Новости и Мероприятия
Ош шаарынын окуучуларынан куралган өспүрүмдөрдүн куткаруучулар командасы Беларусияга жөнөп кетет
Эртең, 8-июлда, Ош шаарындагы №3 Ломоносов, №18 Навои жана №31 Курманжан датка атындагы мектептин 8-9-класс окуучуларынан куралган өспүрүмдөрдүн куткаруучулар командасы 9-июлдан 18-июлга чейин Беларусияда өтүүчү ХIII – эл аралык өспүрүм куткаруучулардын мелдешине катышуу үчүн Кыргызстандын атынан жөнөп кетет. Бул тууралуу Ош шаардык билим беруу башкармалыгынан билдирилди.
Мелдешке катышуучу окуучуларды узатуу максатында, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек Кимсанов балдардын ата-энеси менен жолугуп, өз Мекенинин, атын коргоо үчүн бара жаткан окуучуларга ийгилик каалап, түшүнүү менен мамиле кылган ата-энелерине ыраазылыгын билдирди.
Беларусияда өтүүчү ХIII – эл аралык өспүрүм куткаруучулардын мелдешине катышуучу окуучуларды Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгы 2014-жылдын октябрь айынан баштап сынак менен тандап алып, ӨКМдин атайын жайында машыгуудан өткөрүп, даярдап келишкен.
Белгилей кетсек, Беларусияга барып келүү чыгашалары үчүн керектелүүчү 280 миң сом акча каражатын шаардык мэрия бөлүп берди.