Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Ошто «Карыларга көңүл буралы жана кам көрөлү» аттуу бир айлык жарыяланды
Ош шаарында 1-октябрь Карылар эл аралык күнүнө карата 20-сентябрдан 20-октябрга чейин «Карыларга көңүл буралы жана кам көрөлү» аттуу бир айлык жарыяланды. Мэриянын басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, дарыгерлер 70 жаштан жогорку жаштагылардын үйүнө барып, медициналык текшерүүдөн өткөрүшөт жана акысыз түрдө кийме тиш салып беришет.
Бир айлыктын жүрүшүндө жардамга муктаж кары, жалгыз бой жарандардын саны такталып,акысыз юридикалык кеңештер берилет.
Ошону менен катар эле 1-октябрь күнү социалдык өнүгүү башкармалыгынын имаратынын жанында төмөндөтүлгөн баада атайын карылар үчүн азыктар сатылып, ачык эшик күнүн өткөрүү менен бирге майрамдык концерт тартууланат.
Мындан тышкары, бир айлыктын жүрүшүндө ашар жолу менен жалгыз бой пенсионерлердин короо-жайларын оңдоо, аларга гуманитардык жардам көрсөтүү максатында эл аралык донорлорду, мамлекеттик эмес уюмдарды тартуу жана кайрымдуулук акцияларын уюштуруу каралган.