Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - ШколаNews - Новости и Мероприятия
Ошто көп жылдан бери оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлбөгөн балдар бакчалардын чатырлары жаңыланууда
Ош шаарындагы №10 “Топ жылдыз” балдар бакчасынын чатыры толугу менен оңдолуп, жаңысына алмаштырылды. Бул тууралуу бала бакчанын директору Айнура Каракозуева билдирди.
Анын айтымында, аталган бакчанын курулганына 40 жыл болсо, чатырын кайра оңдоп-түзөө иштери 1989-жылы жүргүзүлгөн.
“Андан бери бир канча убакыт өтүп, коюлган шиферлердин эскилиги жеткен. Жаан жааган сайын чатырдын ар жеринен суу өтүп, 2-кабаттан 1-кабатка чейин тамчылап бир топ түйшүк жаратып келген. Эми болсо чатырдын баары жаңыланып, өзүбүзгө жана тарбиялап жаткан балдарыбызга ыңгайлуулук жаралды”,- дейт Айнура Каракозуева.
Белгилей кетсек, “Топ жылдыз” бакчасынын чатырын жаңылоо үчүн 487 миң акча каражаты сарпталып, ал жергиликтүү бюджет тарабынан камсыздалды.
Аны менен катар эле №27 балдар бакчасынын азык-түлүктөр сакталуучу бөлүгүнө 182 миң сом каражат жумшалып, жаңы чатыр менен жабылды.