Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Ошто кыргыздын улуттук кийимдеринин көргөзмөсү өттү
02 10 2014 16:58
Бүгүн Ош шаарында С.Ибраимов атындагы Ош драма театрында өтүп жаткан «Сулайман-Тоо тынчтыктын жана достуктун символу» аттуу көргөзмөнүн алкагында кыргыздын улуттук кийимдер көрсөтүлдү. Мэриянын басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, «Алтын өрөөн» моделдик үйүнүн моделдери улуттук кийимдердин 5 түрүн көрсөтүштү.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын катышуучулары кийимдердин фасону, түстөрү, жасалгалары жана улуттук колориттеги саймалары бардык курактагы адамдар арасында популярдуу экендигин айтышкан.