Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - ШколаNews - Новости и Мероприятия
Ошто мектеп окуучуларынын арасында адеп сабагынан олимпиада өтөт
22 04 2015 15:37
Ош шаарынын мектептеринин 8-класстарынын окуучулары арасында 28-апрелде адеп сабагы боюнча олимпиада өткөрүлөт.Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан билдирилди.
Аталган окуу предмети боюнча олимпиада өткөрүүнүн негизги максаты окуучуларды адеп сабагына болгон кызыгуусун арттыруу менен өзгөчө шыктуу окуучуларды таап, аларга колдоо көрсөтүү үчүн тиешелүү шарттарды түзүү . Ошондой эле окуучулардын дүйнө таанымын кеңейтүү максатында түрдүү интеллектуалдык таймашарды уюштуруп, предметти тереңдетип окутуу болуп саналат.
Адеп предмети жалпы билим берүүчү мектептер үчүн КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин 2014-2015-окуу жылындагы базистик планына ылайык 1-8-класстарда жумасына 1 сааттан өтүлөт.