Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - ШколаNews - Новости и Мероприятия
Ошто мектеп жашына чейинки балдарды туура тамактандыруу боюнча семинар өттү
Бүгүн, 9-апрелде Ош шаарындагы “Жомок” балдар бакчасында “Мектепке чейинки балдардын ден соолугунун чың болуусу калориялуу тамактануусунда” аттуу семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу билим берүү башкармалыгынан билдирилди.
Анда балдардын жаш өзгөчөлүгү боюнча тамактануу маданиятын калыптандыруу боюнча системалуу иш жүргүзүлүп, тамак даярдоодо санитардык-эпидемиолдогиялык талаптарды туура сактоо боюнча кеңири баяндамалар жасалды. Азык-түлүктөрдү сапатын тастыктоочу документтерге карап иштетип, ата-энелер үчүн балдардын күнүмдүк тамактануу менюсун бала бакчанын көрүнүктүү жерине илип коюу бала бакча жетекчилерине милдеттендирилди.
Аталган семинарга Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери жана бардык бала бакчалардын жетекчилери катышты.