Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - ШколаNews - Новости и Мероприятия
Ошто окуучулар арасында «Жаш жол инспектору» аттуу сынак өтүүдө
10-18-апрель күндөрү Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу бардык мектептердин окуучуларынан түзүлгөн командалардын арасында «Жаш жол инспектору» аттуу сынак өткөрүлөт. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын пресс-катчысы билдирди.
«Сынактын негизги максаты шаардагы мектептин окуучуларына жолдо жүрүүнүн эрежелерин үйрөтүү жана аны сактоого көндүрүү болуп саналат. «Жаш жол инспектору» сынагы алгач аймактык баскыч менен өткөрүлүп, андан жеңип чыккан командалар 21-апрелде өтө турган шаардык баскычына катышат. Ал эми шаардык баскычтан алдыңкы орунду алган команда республикалык турга катышууга жолдомо алат.
Аталган сынак Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жол кайгуул бөлүмү менен биргеликте өткөрүлүп, ага шаардагы бардык мектептерден бирден команда катышат», - дейт пресс-катчы.