Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - ШколаNews - Новости и Мероприятия
Ошто жаңы окуу жылына карата бала бакчаларды даярдоо башталды
Бүгүн, 12-июнда Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу бала бакчалардын жаңы окуу жылына карата даярдыгын кароо жана учурда алып барып жаткан иштерин көзөмөлдөө башталды. Бул тууралуу билим берүү башкармалыгынан билдирилди.
"Алсак, шаардагы №1 “Жибек”, №30 “Айданек” жана №67 “Мөл булак” балдар бакчаларына атайын түзүлгөн комиссия барып, жетекчинин аткарып жаткан иштерин, балдарды электрондук кезек боюнча жайгашуусун, мамлекеттик тилдин нормаларынын аткарылып жатышын, өрткө каршы иштердин абалын, санитардык эрежелердин сакталуусун, энергетика, жылытуу системаларынын абалын, бакчанын ремонтун жана мекеменин жасалгаланышын текшерүүдөн өткөрүп, тиешелүү бааларын коюшту. Анын жыйынтыгында жаңы окуу жылына даяр экендиги кабыл алынат.
Текшерүүчү комиссиянын курамында аталган башкармалыктын кызматкерлери, Ош шаардык өрткө каршы кызматынын өкүлдөрү, “Ош Жылуулук” ишканасы, шаардык санитардык эпидемиологиялык борбор жана энергетика тармагынын жиберилген атайын өкүлдөр болушту",- деп билдиришти