Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - ШколаNews - Заслуги и достижения преподавателей
Ошто «Жылдын мыкты мугалими – 2015» сынагынын экинчи баскычы өтүүдө
6-10-апрель күндөрү Ош шаарындагы мектептердин мугалимдери «Жылдын мыкты мугалими – 2015» сынагынын экинчи баскычына катышып, күч сынашууда. Бул жөнүндө шаардык Билим берүү башкармалыгы билдирди.
«Сынактын экинчи баскычында белгиленген жобого ылайык, мугалимдин сабак учурунда жана сабактан тышкаркы мезгилинде окуучулар менен кандай иш алып баруусун видеоролик аркылуу көрсөтүлөт. Мугалимдик ишмердүүлүгүн камтыган портфолиосу тапшырылып, ага кошумча «Менин педагогикалык философиям» деген темада эссе жазуусу милдеттендирилген.
Аталаган сынактын негизги максаты - жумушуна чыгармачылык менен мамиле кылган, таланттуу мугалимдерди табуу жана аларга колдоо көрсөтүү менен мугалимдик кесиптин кадыр-баркын көтөрүү жана коомдун аң-сезиминде мугалимдин позитивдүү образын түзүү болуп саналат. Ошондой эле, педагогикалык кызматкерлердин билим берүүнүн мазмунун жаңылоодогу чыгармачыл ишмердүүлүгүн өнүктүрүү, билим берүүдөгү жаңы технологияларды колдонууну жайылтуу максатын көздөйт», - деп билдиришет башкармалык кызматкерлери.
«Жылдын мыкты мугалими – 2015» сынагы Ош шаарында 4 баскыч менен өткөрүлүп, андан жеңүүчү аталган мугалим республикалык сынакка катышууга жолдомо алат.