Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - ШколаNews - Новости и Мероприятия
Оштогу алдыңкы окуучулар менен жолугушуу болду
Бүгүн, 17-апрелде №52 мектепте шаардагы бардык мектептердин эң алдыңкы окуган бүтүрүүчү класстын 150 окуучусу менен Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы К. Кимсанов жолугушту. Бул тууралуу аталган бөлүмдүн пресс катчысы билдирди.
Жолугушууда өзгөчө үлгүдөгү (кызыл) аттестат алууга талапкер окуучуларга алдыдагы сынакты ийгиликтүү тапшыруу үчүн мыкты даярдыктарды көрүүсү айтылып, келечекте туура кесип тандоосу үчүн бир топ кеп-кеңештер берилди.
К. Кимсанов өлкөнүн келечеги болгон мыкты окуучуларга: “Билим алуу үчүн китепти көп окугула, бул силердин турмушуңар үчүн да абдан пайдалуу. Башыңарды желкеңерге ашыкча жүк кылып көтөрүп жүрүүдөн корккула, коом үчүн пайдалуу жумуш жасаш үчүн иштеткиле. Башкаларды жашатыш үчүн жашоого үйрөнгүлө. Бардык мүмкүнчүлүктөр силердин колуңарда, учурунда пайдаланып калууга үлгүргүлө”, - деп кайрылып, турмуштук мисалдар менен айтып өттү.
Ошондой эле алдыда тапшыруучу Жалпы республикалык сынакта жогорку балл алуусун каалап, ал үчүн күн-түн дебей даярдык көрүүгө чакырды.
.