Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - ШколаNews - Новости и Мероприятия
Оштогу мектептерде согуштун ардагерлери менен жолугушуулар өткөрүлүүдө
Бүгүн, 6-майда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына карата шаардагы №41 Х. Абдулаев атындагы мектепте согуштун ардагерлери менен жолугушуу кечеси болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан билдирилди.
Жолугушуунун жүрүшүндө ардагерлер Хамиджан Махмудов жана Умаржан Ахмаджановдор кандуу согуш майданындагы баштарынан өткөргөн окуяларын айтып, жаштарга акыл-насаат сөздөрүн, жакшы тилектерин билдиришти.
Ошондой эле мектептин таланттуу окуучулары тарабынан даярдалган “Болочок жоокер обон созот” аттуу чакан концерттик программа тартууланды. Окуучулар согуштук эпизоддордон драмаларды көрсөтүп, мекен ырларын аткарып, бий бийлешип өз өнөрлөрүн көрсөтүп беришти.
Иш чаранын жүрүшүндө Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек Кимсанов ардагерлердин согушта көрсөткөн баатырдыгын, ооруктагы күжүрмөн эмгегин баса белгилеп: “Канчалаган муун сиздер жасаган эрдик менен өсүп, тарбияланып келе жатат. Тынчтык үчүн, мекен үчүн кандуу согуштагы эрдигиңиздерди эч качан унутпай, тарбиялап жаткан окуучуларыбызга дайым жеткире беребиз”, - деп билдирди.