Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Пахтанын 1 килограммы 34-36 сомдон сатылууда
25 09 2014 15:03
Быйыл республикада 63,8 миң тонна пахта жыйналары күтүлүүдө. Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маалыматы боюнча, пахтанын баасынын арзан болуп жатышынан, аны өстүрүү жылдан жылга азайып жатканын белгилейт. Быйыл 23,3 миң гектар жерге пахта себилген, былтыркыга салыштырмалуу 1 миң гектарга аз.
Маалыматка ылайык, 20 миң тонна була өндүрүү пландалууда. Кыргызстанда өндүрүлгөн буланын 20 пайызы кайра иштетүүгө кетет, калганы экспорттолот. Кыргызстандагы буланы негизинен Орусия, Түркия сатып алат. Өлкөдөгү пахта сатып алуучу фирмалар азрынча так бааны коюша элек, анткени дүйнөдө булага болгон баа түшүп кетти.
Азыркы учурда насыя алган дыйкандар пахталарын 34-36 сомдон сатып жатышканы айтылды.