Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Парламент Клара Сооронкулованы мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотту
30 06 2015 15:50
Бүгүн, 30-июнда, парламамент Жогорку соттун Конституциялык палатанын соттор коллегиясынын мүчөсү Клара Сооронкулова мөөнөтүнөн кызматтан бошотту. Сооронкулованын кетишине 83 депутат макул, 19у каршы болду.
Мыйзам боюнча парламенттин 80 депутаты "макул" деген добуш берген учурда судья кызматтан алынат.
Белгилей кетсек, кечээ эки жолу добушка коюлуп, экөөндө тең 80 добуш топтолбой калган.
18-июнда Клара Сооронкулованы Соттор кеңеши мөөнөтүнөн мурда иштен алуу чечимин чыгарган. Ал биометрикалык маалымат чогултуу мыйзамсыз деген пикирин айткан.
Бүгүн Ак үйдүн алдына Конституциялык палатанын соттор коллегиясынын мүчөсү Клара Сооронкулованы колдоп, жарандык активисттер митингге чыгышты.