Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Парламентте акыйкатчыны кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселеси каралат
23 06 2015 10:36
Бүгүн, 23-июнда, акыйкатчы Бактыбек Аманбаевди ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнүн мурда бошотуу боюнча парламентте каралат.
КСДП фракциясынын сунушуна адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин чечими жөнүндөаталган фракциянын лидери Чыныбай Турсунбеков баяндама жасайт.
Ал эми акыйкатчы Бактыбек Аманбаев президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жөнөткөн. «15-июнда КСДП фракциясы акыйкатчыны мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетирүү тууралуу чечим кабыл алып, адам укуктары комитетине жөнөттү. Мындай чечими менен СДПК фракциясы өзүм билемдик, өкүм зордук менен күчкө салып Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана акыйкатчы тууралуу мыйзамды одоно бузууга барды», - деп жазылган кайрылууда.