Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Парламенттик шайлоону болтурбай коюу максатында жаңы ордо кеңеш түзүлдү
18 08 2015 16:40
“Кыргызстан - тазалануу жаңылануу XXI кылым” ордо кеңеши түзүлүп, жер-жерлерде иш жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу аталган ордо кеңештин мүчөсү, “Мээр Жазы” коомдук бирикмесинин өкүлү Ыргалай Бекмуратова билдирди.
Анын айтымында аталган ордо кеңештин максакты – күзүндө боло турган парламенттик шайлоону болтурбай коюу .
“Анткени парламенттик башкаруу эч кандай жыйынтык берген жок. Өлкөдөгү элди жакырлантты. Булар дагы беш жыл шайлана турган болсо, мамлекетибиз жоголуп кетүү коркунучунда. Биз бул боюнча республиканын аймагында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз” , - дейт Ы. Бекмуратова.
Мындан тышкары, алар жакын арада бул боюнча курултай өткөрө тургандарын айтты.