Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Пенсиялардын көлөмүн индексациялоо боюнча болжолдонуп жаткан чаралар талкууланды
04 02 2015 13:13
Бүгүн, 4 –февралда Президент Алмазбек Атамбаевге Социалдык фонддун төрагасы Мухамметкалый Абулгазиев жүргүзүп жаткан иштери туурасында маалымат берди. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта ведомствонун чыгымдарынын өсүшүн стабилдештирүүнү, пенсиялык системанын кыйла натыйжалуу ишин камсыз кылууну караган пенсиялык камсыздоо системасын өнүктүрүү Концепциясынын алкагында айтылды.
Президент Алмазбек Атамбаев ошондой эле Социалдык фондунун төрагасы Мухамметкалый Абулгазиев менен өлкөнүн алдыдага интеграциялык процесстерге катышуу мезгилинде болжолдонгон инфляциянын тушунда пенсионерлерди социалдык жактан коргоо жана пенсиялардын көлөмүн индексациялоо боюнча болжолдонуп жаткан чараларды талкуулады.