Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Премьер-министр Баткенде иш сапары менен жүрөт
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Баткендеги иш сапарында Исфана шаарында облус жетекчилиги жана эл аралык "Манас" аэропортунун өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Жыйында премьер-министр "Бишкек-Исфана-Бишкек" каттамы эми туруктуу иштей турганын жана учактар эки тарапка тең аптасына эки жолудан учуп баштаары өтө келечектүү багыт экенин белгиледи.
Маалымат боюнча, Ж.Оторбаев иш сапар алкагында Сүлүктү шаарындагы «Ибрагимов» ЖЧК шахтысынын иши менен таанышып, кен өндүрүүчү компаниялардын жана шаардын жетекчилери менен жолугушат.
Ошондой эле, окмөт башчы Максат айылындагы көпүрөнүн жана Лейлек районундагы Кулунду-Максат автожолунун курулушу жана Жаңы-Жер айыл аймагындагы Арка насостук станциялар каскадынын иши менен таанышат.
Мындан тышкары, Ж.Оторбаев Кадамжай районундагы Бүргөндү массивин өздөштүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен жакындан таанышмакчы.