0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - Общество

    Президент Алмазбек Атамбаев «Дордой» ассоциациясын 25 жылдык маарекеси менен куттуктады

    Президент Алмазбек Атамбаев «Дордой» ассоциациясын 25 жылдык маарекеси менен куттуктады
    06 12 2016 16:57

    Президент Алмазбек Атамбаев «Дордой» ассоциациясын 25 жылдык маарекеси менен куттуктады

    Урматтуу «Дордой» ассоциациясынын кызматкерлери!

    Сиздерди 25 жылдык маарекиңиздер менен куттуктайм!

    Кыргызстандын соңку тарыхында «Дордой» өлкөнүн экономикалык өнүгүшүндө абдан маанилүү роль ойноду. Кадыресе базар бара-бара Азиядагы ири соода-логистикалык борборго айланып, 1990-жылдардан тарта Кыргызстандын өзүнчө бренди болуп калды.

    Өлкөдө рынок мамилелеринин калыптанышында жана күнүмдүк зарыл товарларга болгон тартыштыкты жоюуда «Дордойдун» ролуна баа жетпейт. Азыр «Дордой» деген ат – молчулук менен токчулуктун символу. Сиздердин ассоциация ишкер жана тапкыч адамдар үчүн такшалуу мектеби болуп калды, анткени «Дордойдон» тыңыган ишкерлер чет жактарга чыгып, соода жүргүзүү маданиятын, менеджердик өнөрдү үйрөнүп келип, өз өлкөсүнө жайылтышты.

    Объективдүү себептерден улам эгемендик алгандан тарта Кыргызстанда экономиканын реэкспорттук модели түзүлүп, көп жылдар бою ийгиликтүү иштеп келди. Бирок бул модель түбөлүктүү боло албайт. 2000-жылдар башында экономиканы заман талабына ылайыктоо боюнча чечкиндүү иштер жасалбагандыктан, өз улуттук кызыкчылыктарыбызды коргоо кыйын абалга дуушар болгон. Ошондуктан Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү менен өз кызыкчылыктарын коргоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

    Заман талаптарына жараша «Дордой» ассоциациясы өндүрүшкө, тейлөөгө, курулушка, спортко, жаңы технологияларга багыт алды. Бүгүн ар башка тармактардагы бизнес-долбоорлоруңуздар жана демилгелериңиздер менен сиздер экономикабызга чоң инвестиция салып жатасыздар.

    Азыр соода – эл чарбасынын кыймылдаткыч тармагы, мамлекеттик бюджетке салыктардын кыйла бөлүгү соодадан түшөт. Ошого жараша региондо, дүйнөдө атаандаштык күч алууда. Жаңы экономикага жол оңой болбойт. Мамлекет Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын, кыргыз бизнесин коргой берет. Ошону менен катар биздин ишкерлерден жаңычылдык, талыкпай изденүү жана мээнеткечтик талап кылынат. Бул милдетти биздин бизнес көтөрө алат деп ишенем. Бул багытта «Дордойдун» ишкерлери менен менеджерлери туура жолдо баратканын көрүп жатабыз. Биргиликте ийгиликке жетебиз!

    Урматтуу «Дордой» ассоциациясынын кызматкерлери, сиздерге жаңы ийгиликтерди жана бакыбат турмушту каалайм!

    Өлкөбүз менен кошо өркүндөй бериңиздер!

    Кыргыз Республикасынын

    Президенти                                                           Алмазбек Атамбаев    

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *