Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын келечеги БЭМ менен бирге экендигин билдирди
Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын келечеги үчүн Бажы союзуна кириши жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуусу - тышкы экономикалык саясаттагы маанилүү приоритеттери деп Жогорку Евразия экономикалык кеңештин жыйынында белгиледи. Мамлекет башчынын пикири боюнча бажы инфраструктурасынын деңгээлин жогорулатуу, сапаттын инфраструктурасын жакшыртуу жана маалыматтарды алмашуунун системасын ишке киргизүү боюнча иш-чаралар Бажы союзу боюнча Жол картасын ишке ашыруунун маанилүү бөлүгү болуп саналат. Кыргызстан менен Бажы союзунун бажы төлөмдөрүнүн айырмачылыгы болгондуктан керектөөчүлөр үчүн маанилүү болгон бир катар товарлардын баасы кескин көтөрүлөөрүн түшүнүп турабыз. Буга карабастан Кыргызстан катышуучу өлкөлөрдүн чек аралары менен тышкы чек араларда бажы кѳзѳмѳлүн жоюу үчүн тарифтик алып коюуну максималдуу кыскартууга атайылап барып жатат. Кыргызстан жылдын аягына чейин Евразия экономикалык союзуна кирүүгө даярданып жатат-деп билдирген А.Атамбаев жыйында Атайылаппы же башка себептенби, айтор, экономикалык жүйөлөр экинчи планга жылып, негизинен сөз эгемендүүлүктү жоготуп коюу тууралуу жүрүп жатат. Негизи бул чындыкка коошпойт. Кыргызстан Евразия экономикалык союздун башкаруу органдарында Евразия экономикалык союз тууралуу Келишимге кол койгон өлкөлөр менен бирдей орундарды ээлейт деп терең ишенем, - деген ишенимин билдирди Андан соң Евразия экономикалык комиссиясына тараптар менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык союзуна кошулуу жөнүндө Келишимдин долбоорун түзүү боюнча тапшырма берүүнү өтүндү.
Кыргызстандын Евразия экономикалык союзуна толук укуктуу мүчө болууга ниетин эске алуу менен Беларусь, Казакстан жана Россия бирдиктүү экономикалык мейкиндигине кошулуусу боюнча иш-чаралар («жол картасы») жөнүндө Билдирүүгө кол коюлду. Мындай маалыматты Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү таратты.