0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - Кабарлар

    Президент Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү Ян Цзечини кабыл алды

    Президент Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү Ян Цзечини кабыл алды
    29 12 2014 15:16

    Бүгүн, 2014-жылдын 29-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  өлкөбүзгө КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин Атайын өкүлү катары расмий сапар менен келген Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү Ян Цзечини кабыл алды.Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдирди.

    Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн түрдүү тармактарында кыргыз-кытай биргелешкен долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшү, ошондой эле  Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда көп пландуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнүн келечектүү маселелери талкууланды.

    Президент Алмазбек Атамбаев  Кытай Эл Республикасынын жетекчилигине ар дайым колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз-кытай стратегиялык кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнүн маанисин баса белгиледи.

     Өз кезегинде Ян Цзечи Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда мамилелер жогорку ыргакта өнүгүүсүн, алардын ийгилиги  жогорку деңгээлде ырааттуу жемиштүү жолугушуулар менен камсыз кылынып жаткандыгын белгиледи. “Үстүбүздөгү жылдын май айында Сиз Кытайга мамлекеттик сапар менен абдан ийгиликтүү барып келдиңиз. Сиздер Кытай Эл Республикасынын  Төрагасы Си Цзиньпин менен Душанбеде ШКУнун саммитинде дагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздүңүздөр”, - деди Мамлекеттик кеңештин мүчөсү.

     Ян Цзечи ошондой эле Алмазбек Атамбаевге Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин жолдогон саламын жеткирди.

     Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан кыргыз-кытай биргелешкен долбоорлор өлкөнү өнүктүрүүдө стратегиялык мааниге ээ экендигин баса белгиледи.

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *