Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Президент Т.Сатылгановдун 150 жылдык мааракесинин катышуучуларын куттуктады
Президент Алмазбек Атамбаев «Токтогул Сатылгановдун мурасы жана азыркы рух маданияты» эл аралык конференциясынын катышуучуларын жана меймандарын куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Куттуктоонун тексти:
«Урматтуу салтанаттын катышуучулары!
Ардактуу меймандар!
Үстүбүздөгү жыл түрк дүйнөсүндө Токтогул жылы деп жарыяланышы кыргыздын залкар акынынын талантына боордош түрк элдеринин көрсөткөн терең таазими, зор урматы. Бир тууган элдердин маданий байланыштарды бекемдөөгө жасаган колдоого алаарлык аракети.
Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык маарекеси Кыргызстанда мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына туш келгени жакшы жышаан. Анткени Токтогул өмүр бою кыргыз элинин эркин турмушун, өлкөбүздүн жаркын келечегин көксөгөн. Бүт өмүрүн, чыгармачылыгын ушул бийик максатка арнаган. Кетмен-Төбөдөн чыккан тоо булбулунун чыгармачылыгы азыр дагы жалпы түрк дүйнөсүндө данакерлик милдет өтөп, боордош элдер менен маданий байланыштарды чыңдап, кылымдарды карыткан достук мамилелерибизди тереңдетүүгө, бекемдөөгө өбөлгө түзүп жатат».